БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Чыныгы банкнотаны жасалмасынан кантип айырмаласа болот? Бул тууралуу Улуттук банк түшүндүрмө берди.
"Шылуундар көбүнчө орто жана жогорку номиналдагы банкноталарды жасалмалашат", — дешти башкы банктан.
Жасалма акчада төмөнкү белгилер болот:
сүрөттөр тунук эмес;
жазуулардын жана портреттин тегерегинде рельефтин жоктугу;
коргоочу "жибин" күн же шам аркылуу караганда үзгүлтүксүз, бүтүн болуп көрүнүшү зарыл;
банкнотанын ылдыйкы оң бурчунда жайгашкан тик бурчтукта санариптик номиналдын жашыруун сүрөтүнүн жоктугу;
голографиялык тилкеде визуалдык эффектилердин жоктугу (100, 200, 500 жана 1 000 сом);
түс өзгөртүүчү боектун визуалдык эффектисинин жоктугу (5 000 сом).
Шектүү банкнотаны (улуттук валюта) Улуттук банк тарабынан экспертиза кылдырсаңыз болот. Алар күн сайын дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 15:00гө чейин кабыл алынат. Экспертиза акысыз. Текшерүү мөөнөтү беш жумушчу күндөн ашпайт.