Оркестр, кол чабуулар. Түркиядан келген куткаруучуларды тосуп алгандагы видео

Издөө-куткаруу иштерине жардамдашууга барган мекендештер сегиз адамды тирүү алып чыгып, 198 сөөктү табышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетин жоюуга жөнөтүлгөн кыргызстандык куткаруучулар Бишкекке кайтып келишти.
Бир нече адамдын өмүрүн сактап калган каармандарды "Манас" аэропортунан туугандары, жакындары, кесиптештери, активисттер жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси тосуп алды. Алар кирип келе жатканда Улуттук гвардиянын оркестри музыка ойноп, күткөн эл кол чаап турду.
1 / 4

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетин жоюуга жөнөтүлгөн кыргызстандык куткаруучулар Бишкекке кайтып келишти

2 / 4

Бир нече адамдын өмүрүн сактап калган каармандарды "Манас" аэропортунан туугандары, жакындары, кесиптештери, активисттер жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси тосуп алды

3 / 4

Алар кирип келе жатканда Улуттук гвардиянын оркестри музыка ойноп, күткөн эл кол чаап турду

4 / 4

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев аман-эсен кайтып келген куткаруучуларды куттуктап, аткарган иштерин жогору баалады

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев аман-эсен кайтып келген куткаруучуларды куттуктап, аткарган иштерин жогору баалады. Ошондой эле ал зилзала болгон аймакта алардын сегиз адамды уранды алдынан тирүү алып чыгып, 198 кишинин сөөгүн таап чыгышканын белгиледи.
"Табигый кырсыктан жапа чеккен түрк элине жардам берүүгө 182 адам жөнөтүлгөн. Анын ичинде 6 дарыгер, боз үй тигүүчү 5  киши болсо, калганы ӨКМдин куткаруучулары", — деди министр.
Ал эми салтанатка катышкан Түркиянын Кыргызстандагы элчи Ахмет Садык Доган куткаруучулардын жардамы баалуу болгонун баса белгилеп, ыраазычылыгын айтты.
Ошол эле учурда ӨКМ кызматкерлерин Түркиянын аэропортунда иштегендер жана жай тургундар алкыш айтып кол чаап узатып жаткан видео жарыяланды.
Түркияга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 44,7 млн. чогулду