Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кайра шайлансам Путин менен Зеленскийге чалам. Трамптын убадасы

Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп аталган мамлекеттин башына кайра шайланып келсе, "ошол эле түнү" РФ лидери Владимир Путин менен Украина президенти Владимир Зеленскийге чалууга убада берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Трамп анын мындай кадамы Украинадагы чатакты чечүү максатында эки президенттин жолугушуусун уюштуруу үчүн ташталарын айтты.
"Менин жеңгеним айкын болор замат, ошол эле түнү дароо эки адамга — Путин менен Зеленскийге чалам. Аларга "жолугушубуз керек" демекмин. Бул маселени чече аларыма кепилдик берем... 24 саат ичинде сүйлөшүп, макулдашабыз", — деген Трамп Флорида штатында тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып.
Анын сөзүн республикачыларга ыктаган телеканалдар түз алып беришкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын көңүлүн чөктүргөн окуя. АКШнын саясий айдыңынан кабар