БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Быйылкы жылдын 1-мартынан тарта интернеттеги россиялык киносервистерден Walt Disney Company тарткан сериалдар менен фильмдерди алып салышат. Бул туурасында РИА Новости IVI онлайн-кинотеатрына шилтеме кылып жазды.
"1-марттан тарта Disney чыгарган фильмдер, сериалдарды россиялык сервистерден көрүүгө болбой калат", — деп айтылган компаниянын сайтында.
Кино сүйүүчүлөргө коллекциясын сактап калуу үчүн аталган студиянын эл арасына кеңири тараган продукцияларын сатып алууну сунушташты.
Мындан мурдараак ЖМК чет элдик бир топ кинокомпаниялардын фильмдерин россиялык онлайн-кинотеатрлардын прокатынан алып салышарын жазышкан. Муну лицензиялык макулдашуунун аяктап калганы менен түшүндүрүшкөн.