Путин: батыш Россиянын элин санкциялар менен кыйноого аракет жасады

Россиянын лидери санкция демилгечилеринин колунан эч нерсе келбей турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Батыш россиялыктарды санкциялардын жардамы менен кыйноого аракет жасады. Бул тууралуу Владимир Путин Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда билдирди.
Анын айтымында, Батыш бул кадамы менен россиялык коомчулукту ичинен бузгусу, алсыраткысы келген. Ал Россияга каршы санкциялардын негизги максаты РФ элин кыйноого багытталганын белгиледи.
"Гуманисттер ушундай. Алар элди кыйнап, коомчулукту ичтен бузгусу келген. Бирок алардын максаты ишке ашкан жок", — деди мамлекет башчы.
Путин санкциянын демилгечилеринин колунан эч нерсе келбей турганын кошумчалады.
"Анысы аз келгенсип санкциялардын демилгечилери өз өлкөсүндө баалардын өсүшүнө, жумушчу орундардын кыскарышына, ишканалардын жабылышына жана энергетикалык кризиске шарт түзүп беришти", — деди россиялык лидер.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Россияны согуш талаасында жеңүүгө мүмкүн эмес