Пресс-борбор

Россиялык компаниялар Кыргызстанда тоннель жана көпүрө курууну пландап жатат

Экономика жана коммерция министрлиги жумушчу топтун биринчи жыйынынын жыйынтыктары боюнча маалымат берди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Россиялык бир нече компания көпүрө жана тоннелдерди куруу боюнча өзүнүн тажрыйбасын Кыргызстанга сунуштады. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова билдирди.
Ал Sputnik агенттигинде өткөн "Россия Кыргызстандагы кайсы 40 долбоорго инвестиция жасагысы келип жатат" аттуу брифингге катышты.
"Транспорт жана коммуникация менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар менен биргеликте бул маселе боюнча иш жүргүзөт. Мамлекет үчүн бул нерсе өтө маанилүү. Айрыкча түштүк тарапта өзгөчө кырдаалдар көп катталат. Алар жаңыча иштөө жолун сунушташууда", — деди Усенбекова.
Өткөн жумада экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча орус-кыргыз жумушчу тобунун биринчи жыйыны болуп өттү. Тараптар россиялык бизнесмендердин Кыргызстандагы 40 долбоорго инвестиция жасоого кызыгып жатканын талкуулашкан. Усенбекова Кыргызстандын делегациясын жетектеди.
Акылбек Жапаров өзбекстандык инвесторлорду ГЭС курууга чакырды