Пресс-борбор

Россиялык компания Кыргызстанга кесиптик багытты аныктоочу системаны сунуштады

Россиялык компания өзүнүн долбоорун экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча жумушчу топтун жыйынында сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Россиялык компания Кыргызстанга кесиптик багытты аныктоочу сервисти сунуштады. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди.
Ал Sputnik агенттигинде өткөн "Россия Кыргызстандагы кайсы 40 долбоорго инвестиция жасагысы келип жатат?" деген аталыштагы брифингге катышты.
"Бул адам капиталын өнүктүргөн билим берүү курсу, тестирлөө, IT-долбоор сымал десек да болот. Ал адистик-техникалык чеберчиликти аныктоого, кесипти тандоого багытталган. Бул программанын мүмкүнчүлүгүн жакшы деп айтып өттүк. Россия Кыргызстанга бир нече мектеп курууну пландап жатат. Сервисти ошол жакта да колдонсо болот", — деди Үсөнбекова.
Өткөн жумада экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча орус-кыргыз жумушчу тобунун биринчи жыйыны болуп өттү. Тараптар россиялык бизнесмендердин Кыргызстандагы 40 долбоорго инвестиция жасоого кызыгып жатканын талкуулашкан. Үсөнбекова Кыргызстандын делегациясын жетектеди.
Пресс-борбор
Россиялык компаниялар Кыргызстанда тоннель жана көпүрө курууну пландап жатат