Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ лидери: Украинадагы чырдын чыгышына толугу менен Батыш элитасы жоопкер

Өлкө лидери белгилегендей, Россия Украинанын эли менен согушкан жок. Эл Киев режиминин барымтасында калды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Украинадагы чырдын чыгышы боюнча жоопкерчилик толугу менен Батыш элиталарынын мойнунда. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда билдирди.
Ал ошондой эле Киев режимин дагы айыптады.
"Украинадагы чырдын чыгышына, эскалацияга, курман болгондордун санынын өсүшүнө Батыш элитасы себепкер. Жоопкерчилик Батыштын жана өз элин өгөйлөгөн азыркы Киев режиминин мойнунда", — деди Путин.
Өлкө лидери белгилегендей, Россия Украинанын эли менен согушкан жок. Эл Киев режиминин барымтасында калды.
"Биз Ураинанын эли менен согушкан жокпуз. Бул тууралуу мен көп жолу айттым. Украинанын эли Киев режими менен анын Батыштагы жетекчилеринин барымтасында калды. Алар бул өлкөнү саясий, аскердик жана экономикалык мааниде алып караганда оккупациялап алды", — деди Путин.
Ал Батыштын саясатына комментарий берип жатып, Украинаны керектелүүчү материалга айландырып салышканын кошумчалады.
Путиндин Федералдык жыйынга кайрылуусу. Видео