БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстан Өзбекстан жана АКШдан келген бир катар азыктарга коюлган чектөөнү алып салды. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
Кеп төмөнкү продукциялар туурасында болууда:
Өзбекстандан — мал-жандык жана мал-жандыктан алынган азыктарга;
АКШдан — канаттууларга жана канаттуулардан жасалган азыктарга.
Чектөө былтыркы жылдын сентябрь айында киргизилген.