Баткен милициясы менен Бажы кызматынын башчылары генерал наамын алышты

Тиешелүү жарлыктарга мамлекет башчы кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кезектеги жогорку атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө жарлыктарга кол коюп, үч кызматкерди генерал-майор кылды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Мурат Боронов

2 / 2

Самат Исабеков

Ага ылайык, Баткен облустук милициянын начальниги Мурат Боронов менен ИИМ Академиясынын жетекчиси Тариель Абитов милициянын генерал-майору наамын алышты. Ал эми Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековго бажы кызматынын генерал-майору наамы ыйгарылды.
Садыр Жапаров төрт кызматкерге генерал наамын ыйгарды. Сүрөт