Радио

Садирова: мамлекеттик кызматка талапкерлер сынактын жүрүшүн эми ачык көрө алышат

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин электрондук башкаруу бөлүмүнүн башчысы Барчынай Садирова е-Кyzmat автоматтык маалымат системасына мурда жок функциялар кошуларын айтты.
Sputnik
Мамлекеттик кызматка кабыл алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан конкурстар эми е-Кyzmat автоматтык маалымат системасы аркылуу онлайн чагылдырылып турат. Тактап айтканда, сынактын катышуучулары конкурс кайсы этапта, кийинкиси кайсы датага белгиленди, эгер өтпөй калса себеби эмне экенин ачык көрө алышат. Бул тууралуу Барчынай Садирова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, е-Кyzmat автоматтык маалыматтык системасы аркылуу кызматкерлер мурда кадрлар бөлүмүнө кайрылышы керек болгон документтердин бардыгын эми электрондук түрдө эле алып, көрө алышат.
"Е-Kyzmat автоматтык-маалыматтык системасы аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маалыматын топтоо, сактоо жана кайрадан иштеп чыгуу каралган. Эми аталган порталга мамлекеттик кызматка кабыл алуу үчүн өткөрүлгөн конкурстардын жүрүшү онлайн-форматта жайгаштырылып турмай болду. Мисалы, сынак бүгүн жүрүп жатса, экинчи этабы баарлашуу болсо, конкурсант ал кайсы датага белгиленгенин, каерде качан өтөрүн порталдан көрө алат. Ошондой эле  катышуучулар өздөрүнө керектүү маалыматтарды мамлекеттик же муниципалдык органга барбай эле портал аркылуу ала алышат. Мындан сырткары, бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы ваканттык орундарды топтоштуруп, е-Kyzmat автоматтык-маалыматтык системасына жайгаштырууну пландап жатабыз. Бул иш издеген жарандарга жеңилдик берет. Булардын бардыгы 2023-2025-жылдарга Кыргызстанда кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү тууралуу президенттин жарлыгын аткаруу иш планынын алкагында жүргүзүлөт",— деди Садирова.
Ал е-Kyzmat автоматтык-маалыматтык системасы өз ишин 2016-жылы баштаганын кошумчалады.