Өлкөнүн айрым аймактарында мектеп директорлугуна сынак өтөт. График

Тестирлөөнүн баары эки шаарда гана болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында жана Ош менен Чүй облустарында мектеп директору кызматы үчүн конкурс өтөт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Түндүк региондогу сынактар Бишкектин Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде, ал эми түштүк аймактарындагы тесттер Ош мамлекеттик университетинде болот.
28-февралдагы тестирлөө:
Бишкек шаарында төрт ваканттык орун бар, 25 талапкер ат салышат;
Ош облусундагы 83 мектептин директорлугуна 150 талапкер күч сынашат;
Чүй облусунда 43 мектеп жетекчисинин орду бош турат.
1-мартта:
Талас облусундагы алты орун үчүн 20 талапкер ат салышат;
Ысык-Көл облусундагы 11 мектептин директору тандалат, талапкерлерди саны — 25;
Нарын облусундагы 9 директорлук кызмат ордуна 20 педагог күчүн сынайт;
Жалал-Абад облусундагы ваканттык орундар — 83, талапкерлер — 150;
Баткен облусунда бош орундар — 36, талапкерлер — 70.
2-мартта:
Ош шаарындагы бир мектептин директору тандалат, 8 киши күчүн сынайт.
Талапкерлерди каттоонун биринчи нөөмөтү саат 9:00дө, экинчиси 12:00дө башталат. Тестирлөөгө жарым сааттан кийин киришет.
Марат Тагаев маданият министринин орун басары болуп дайындалды