Бишкекте оң рулдуу машиналарга тыюу салууга каршы митинг өттү

ИИМдин өкүлдөрү мындай сунушту биринчи ирет берип жаткан жок. 13-февралда министрлик токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкекте ИИМдин оң рулдуу автоунаалар менен такси кызматын көрсөтүп, жүк ташууга тыюу салуу боюнча демилгесине каршы митинг өттү.
Каршылык акциясы Горький атындагы скверде болду. Чогулгандардын айтымында, 50 миңдей таксист жумушсуз калат. Алар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты.
"Биз таксисттердин профсоюзунун өкүлдөрүбүз. Сизден жана Жогорку Кеңештин ар бир депутатынан биз тарапта болууну суранабыз. Бул жерде жөнөкөй жарандар, таксисттер турат. Токтомдун авторлоруна кайрылабыз, оң рулдуу автоунаалардан колуңарды тарткыла!" — дешти уюштуруучулар.
ИИМдин өкүлдөрү мындай сунушту биринчи ирет берип жаткан жок. 13-февралда министрлик токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган. ИИМ мындай сунушту жол кырсыктарын азайтуу максатында берип жатканын билдирген. Министрлик автобустарга ылдамдыкты чектөөчү жабдыктарды орнотууга милдеттендирүүнү да сунуштаган.
Оң рулдуу машина жана автобустардын ылдамдыгын чектөө боюнча долбоор