Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ДЭРдин башчысы Байдендин Киевге келген максатын айтты

Байден Украинага миллиарддаган каражат бөлүнөрүн билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байдендин Киевге келиши жөн эле көргөзмө десе болот, анын максаты "бул үйдө ким кожоюн" экенин көрсөтүү. Бул туурасында Донецк Эл Республикасынын (ДЭР) башчысынын милдетин аткаруучу Денис Пушилин РИА Новостиге билдирди.
"Башка өлкөнүн президенттерин тосуп алуу эгемендүү мамлекеттин ички иши, бирок Украинанын жагдайы андай эмес. Алар АКШ жактан башкарылат. Киевге 2014-жылы мамлекеттик куралдуу төңкөрүш жасаган архитекторлордун бири келди", — деди Пушилин.
Анын айтымында, Байден Украинага миллиарддаган каражат бөлүнөрүн билдирген, бирок бул аскердик аракеттерди мындан ары козутууга жумшаларын баары түшүнүп турат.
"Согушууга анча ынтызар эмес украин элин "колдош" керек, Украинанын калган бөлүгүн АКШнын кызыкчылыгы үчүн садага чабууга ынандырган чалагайым чечимдерди кабыл алганы үчүн рейтинги төмөндөп жаткан Зеленскийди "колдош" керек. Мындай алгылыктуу аргументтер болбосо Байдендин Киевге келиши күмөн болчу", — деди Пушилин.
Байден кечээ, 20-февралда, Украинага күтүүсүз жерден келип Владимир Зеленский менен жолуккан. Ал Киев аскердик жардамдардын жаңы пакетин аларын билдирген. Зеленский бул сүйлөшүүлөр өтө маанилүү жана пайдалуу болду деп атаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ президенти Байден Киевге келди. Видео