Баткенде 21 жаштагы жоокер жанындагы аскердин кокусунан чыккан огунан каза болду

Кырсык аскерлер нөөмөттө турган учурда болгон, ок маркумдун мойнуна тийген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бүгүн Баткендеги чек ара отрядында аскер кызматын өтөп жаткан бир жоокерди экинчиси кокусунан атып алып көз жумду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсык куралды этиятсыздык менен колдонуунун кесепетинен болгон.
“Нөөмөт учурунда 26 жаштагы аскер кызматкери З.Ж. кокусунан АК-74 автоматынан ок чыгарып алып, 21 жаштагы У.Б. аттуу жоокердин мойнуна тийген. Медициналык жардам көрсөтүп, өз убагында облустук бириккен ооруканасына алып барып өмүрүн сактап калууга жасалган бардык чараларга карабай аскер каза болуп калды”, — деп айтылат маалыматта.
Окуя болгон жерге Аскер прокуратурасынын Баткен гарнизонунун өкүлдөрү чыгып кетишкен.
Жапаров: "дедовщинадан" бир аскердин мурду канаса, командири камалат