Өлкөдө айып пул төлөбөй жүргөн жарандардын карызы 12,8 млрд. сомго жетти

Депутат жол эрежесин бузуп айыбын төлөбөй койгон жарандар үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстанда ар кандай себептер менен айып пул төлөбөй жүргөн жарандардын саны 70 миңдин тегерегинде, алардын баарына чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган. Бул туурасында Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев парламенттин тармактык комитетинде билдирди.
Анын айтымында, учурда салынган айып пулдардын суммасы 12 миллиард 842 миллион сомго жетти. Анын ичинде алименттен качуу, "Коопсуз шаардын" камераларына катталган жана башка эреже бузуулар бар.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жол эрежесин бузуп айыбын төлөбөй, чет өлкөгө чыгышына тыюу салынган жарандар үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Автор кээ бирлери 1000-2000 сом үчүн аэропорттон өтө албай калып, "күйүп" жатканын белгиледи.
Демилге бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери комитетинде биринчи окуудан өттү. Эгер ал күчүнө кире турган болсо, айып пулду төлөөрү менен автоматтык түрдө чет жакка чыгышына коюлган чектөө алып салынат.
Пресс-борбор
ЖКККББ: былтыр жол кырсыгынан Кыргызстанда 690 адам каза болгон