БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Жалал-Абадда той учурунда асманга ок аткан күйөө баланын досу милицияга алып келинди. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Кечээ, 19-февраль күнү, үлпөт тойдо кортеж менен бара жаткан BMW үлгүсүндөгү автоунаанын үстүнөн белгисиз куралдан ок чыгарылган видео социалдык тармактарга тараган.
© Фото / пресс-служба Джалал-Абадского УВД КР
"Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ок аткан Жалал-Абад шаарынын 28 жаштагы тургуну М.А. ошол эле күнү саат 14:00дөр чамасында милиция бөлүмүнө алып келинген. Ал Сузак районунун Октябрь айылында тойдо жүрүп, "Сайга МК-01" куралынан асманга 10 ирет ок чыгаргандыгы белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.
Учурда ок атуучу куралга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, окуяга юридикалык баа берүү максатында текшерүү иштери жүрүп жатат.