Кечээ Тогуз-Тородо жылкы караганы чыккан кишини көчкү басып калды

Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кечээ түштө Тогуз-Торо районундагы Атай айылынын 45 жаштагы тургуну жылкы карайм деп тоого чыгып, көчкү алдында калып көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлады.
Анын жанындагы эки киши аман калган. Кырсык болгон жерге 11 куткаруучу, жергиликтүү 17 адам барып өздөрүнүн күчү жана бир техника менен издешкен. Көчкү саат 15:00 чамасында түшүп, ал эми кеч курун, тагыраагы, 18:00гө жакын айылдагылар маркумдун сөөгүн кардын алдынан таап чыккан.
3 күндөн бери жатабыз! Эркеч-Тамдагы Тоң-Мурун ашуусунда 100дөй айдоочу калып кетти