Сасык тумоо жок кезде мурун эмнеге бүтөт? 12 себеп

Дарыгер кечинде же түнкүсүн мурундун бүтүшү күчөп кетсе абал оор экенин айтып, адиске тезирээк кайрылууну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Сасык тумоо, аллергия же мурун былжырына байланыштуу башка оорулар жок учурда эмнеге мурун бүтүшү мүмкүн? Бул тууралуу оториноларинголог Дарья Шахова "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде түшүндүрдү.
Мурундун бүтүшүнүн себептери:
спирт ичимдиктерин нормадан ашыра ичүү;
мурунга сепчү спрейлерди көп жана узак мөөнөткө колдонуу;
абанын кургактыгы;
мурундун кемирчектеринин ийрейип калышы;
ачуу жана өтө ысык тамак ичүү;
мурунга бир нерсенин кирип кетиши;
гормоналдык өзгөрүүлөр;
гипертония, талма, депрессия сыяктуу патологияларды дарылоочу айрым препараттар;
кош бойлуулук;
калкан сымал бездин патологиясы;
астманын күчөшү;
стресс.
Мындан тышкары, дарыгер кечинде же түнкүсүн мурундун бүтүшү күчөп кетсе абал оор экенин айтып, адиске тезирээк кайрылууну сунуштаган.
Кургак учук өпкөдөн башка дагы кайсы органдарды жабыркатат. Адистер тизмектеди