Радио

Өкмөт быйыл ИДПнын көлөмүн 1 трлн. сомдон ашырууну пландоодо

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөнүн өндүрүш тармагынын экономикага кошкон салымы тууралуу маалымат берди.
Sputnik
2022-жылда ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) көлөмү 919 миллиард 400 миллион сомго жетти. Бул тууралуу Бакыт Төрөбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өнөр жай 12,2 пайыз, курулуш 8 пайыз, айыл чарбасы 7,3 пайыз, кызмат көрсөтүү тармагы 4,8 пайыз өсүш көрсөттү.
"2022-жылда ИДӨнүн өсүшү 7 пайызга жетти, бул 919 миллиард 400 миллион сом. Анын ичинен эң жогорку көрсөткүч өнөр жайында болуп, 12,2 пайызды түздү. Ал эми курулуш 8 пайыз, айыл чарбасы 7,3 пайыз, кызмат көрсөтүү тармагы 4,8 пайыз өсүш көрсөттү. 2023-жылга ИДӨнүн көлөмүн 1 триллион 100 миллиардга жеткирүү мерчемделүүдө. Мамлекеттик банктар жана өнүгүү фонддор аркылуу 71 ишкананын иши жандандырылды. "Кыргызиндустрия" ишканасы 19 долбоорду ишке ашырды. Учурда мамлекеттик өнүгүү банкы ачылууда. Ал аркылуу келечектүү долбоорлорду каржылоо каралат. "Камбар-Ата-1ге" 1 миллиард 550 миллион сом бөлүнүп, иштер жүрүүдө. Мындан тышкары, Балыкчы — Кара-Кече темир жолунун 5 чакырымы мамлекеттик бюджетин күчү менен курулду. Ошондой эле токтоп калган Майлы-Суу лампа заводуна 1 миллиард сом бөлүнүп, лампа жана ар кандай көлөмдөгү айнек идиштерди чыгара баштайт", — деди Төрөбаев.
Аткаминер 500 гектар жерге пахта өстүрүп, кездеме чыгаруу үчүн мамлекеттик колдоо болорун кошумчалады.