Радио

Исраилов: мамлекеттик кызматка насаатчылык киргизүү пландалууда

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин эл аралык кызматташтык жана окуу бөлүмүнүн башчысы Медер Исраилов чет өлкөдөн окуп келген кадрлардын баары эле билимин толук кандуу колдоно албастыгын айтты.
Sputnik
Чет мамлекеттерге бюджет эсебинен же эл аралык келишимдер аркылуу байма-бай кадрлар билимин өркүндөтүп келүүгө жиберилип турат. Бирок алар ошол өлкөдөн үйрөнгөнүнүн баарын эле бизде ишке ашырып жибере алышпайт. Ага биздеги менталитеттен тарта көптөгөн себептер бар экенин Медер Исраилов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эл аралык келишимдер аркылуу чет мамлекетке окууга чыгып жаткан ар бир мамлекеттик кызматкердин билим алуусу көзөмөлгө алынат жана иш орду келгенче сакталат.
"2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү тууралуу президенттин жарлыгы чыккан. Бул жарлыкты ишке ашыруу максатында бир топ иш пландар бекитилип, мамлекеттик кызматкерлерге насаатчылыкты киргизүү каралууда. Алар көп жыл ошол тармакта иштеген жана учурда да эмгектенип жаткан тажрыйбалуу адистер болобу же мурда иштеп кеткендер тартылабы, азырынча концепциясы бекитиле элек. Насаатчылыкты киргизүүдөгү негизги максат жогорку окуу жайды жаңы аяктап келген жаш кадрларды өз тармагы боюнча дасыккан адис кылып чыгаруу, иштин сапатын арттыруу болуп саналат. Мындан сырткары, мамлекеттик кызматкерлер чет мамлекеттерге барып да билимин тереңдетип, тажрыйба алмашып келишет. Аталган багыт боюнча мурда "иш ордум келсем сакталбай калыптыр" же "үйрөнүп келген тажрыйбам керектелген жок" дегендей кептер айтылып калчу. Эми мындай алешемдиктерге жол берилбейт. Келишим аркылуу чет өлкөлөргө окутууларга барган ар бир мамлекеттик кызматкер келген соң отчёт жазып, өкмөткө сунуштама берип, ар ким өз тармагына салым кошот", — деди Исраилов.
Ал аймактардагы мамлекеттик кызматкерлердин эл менен иштөөсүнө да өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.