"Достук" бекетинде тез бузулуучу товарлар үчүн өзүнчө жол ачуу пландалууда

Эки өлкөнүн адистери 20-21-февралда "Достукка" барып мониторинг жүргүзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" пунктунда тез бузулуп кетүүчү азык-түлүк үчүн өзүнчө өткөрмө жол ачуу пландалууда.
Бул маселени эки өлкөнүн адистери талкуулашты. Ага Айыл чарба министрлигинин, Ветеринардык кызматтын, бизнес-ассоциациялардын жана экспортчулардын өкүлдөрү дагы катышканын КР Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.
Жыйынтыгында тараптар өзүнчө өткөрмө жол ачуу үчүн 20-21-февралда "Достукка" барып мониторинг жүргүзүүгө макулдашкан.
Өзбекстандын Бажы кызматы Кыргызстандан чыккан товарларды эч тоскоолдуксуз өткөрүүгө көмөктөшүүгө даяр. Тагыраак айтканда, өзбек тарап кыргыз форелин импорттоого кызыкдар жана жергиликтүү балык чарба өкүлдөрүнүн сунуштарын угууну пландап жатат.
Өзбекстан Кыргызстандан товар импорттоо пландары тууралуу айтты