Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Коргоо министрлиги: Киев радиоактивдүү зат пайдаланылчу чагым даярдоодо

Россиялык ведомство европалык мамлекеттердин биринен Украинага радиоактивдүү зат жүктөлгөн бир нече контейнер келгенин билдирүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Украина бийлиги радиациялык кооптуулук күч аймактын биринде масштабдуу чагымчылык даярдап жатканын Россиянын коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Киев БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын сессиясынын алдында аймакты ууландырууга ниеттенүүдө.
"Мындай чагымчылыктын максаты — Россиянын Куралдуу күчтөрүн Украинанын радиациялык кооптуулук күч аймактарына сокку урду деп айыптоо. Алардын планы боюнча соккудан радиациялык заттар сыртка чыгып, аймак ууланды деген кине коюлмакчы", — деди министрликтен.
Бул максатты ишке ашыруу үчүн Украинага радиоактивдүү зат жүктөлгөн бир нече контейнер келгени айтылды. Алар Киевдин көзөмөлүндөгү объектилердин биринде пайдаланылмакчы.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кремль Крымды Киевдин бутасы деген Нуланддын сөзүнө комментарий берди