Телефон жаңы кезиндегидей иштеши үчүн эмне кылуу керек? Адистин эскертүүсү

Эксперт телефондун эс тутуму тез толуп калбашы үчүн мессенжердеги автокөчүрмө кызматын өчүрүп коюуну сунуштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Смартфондордун жөндөөсүн 1,5 жылда бир жолу жаңы кезиндегидей баштапкы абалына кайтарып туруу кажет. Бул телефондун жакшы иштешин шарттай турганын РИА Новости белгилүү уюлдук компаниянын абоненттик жабдыктарды изилдөө жана сыноо боюнча борборунун башчысы Александр Жаконияга таянып жазды.
Жөндөөлөрдү баштапкы абалына келтирүү менен телефондогу бардык маалымат, сүрөт, видеолор да өчөт.
"Кээде атайын өчүрүлгөн сүрөт, видео, маалыматтар толук өчпөй калышы мүмкүн. Мунун баары телефондун эс тутумун ээлейт. Гаджетти баштапкы жөндөөгө келтирүү менен анын баарын өчүрүүгө болот. Бирок мындан мурун сөзсүз түрдө гаджеттеги керектүү сүрөт, видео, маалыматтарды флеш-картага же компьютерге көчүрүп алышыңыз керек. Учурда телефондор байланыштын гана эмес, маалымат сактоонун да функциясын аткарып калды. Бирок гаджеттин эс тутуму толгон сайын ал жай иштей баштайт", — деген эксперт.
Адис активдүү колдонуучулар "булуттарда сактоо" функциясын колдонгондугу туура деген кеңешин берген.
Жакония телефондун эс тутуму тез толуп калбашы үчүн мессенжерлердеги автокөчүрмө кызматын өчүрүп коюуну сунуштайт. Ал кызмат иштесе мессенжерлер аркылуу келген бардык сүрөт, видеолор дароо эле телефондун эс тутумуна сакталып каларын кошумчалаган.
"Telegram мессенжеринен аны жөндөөдөгү "маалыматтар жана эс тутум" бөлүмүнөн, ал эми WhatsApp тиркемесинде жөндөөдөгү "маалыматтар жана сактоочу жай" бөлүмүнөн өчүрүүгө болот", — деди адис.
Адис смартфондун "өмүрүн узартуунун" жолдорун айтты