БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Эртең, 21-февралда, саат 9.00дөн 18.00го чейин Бишкек — Нарын — Торугарт жолу жабылат. Бул туурасында аймактык кабарчы президенттин Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматына таянып билдирди.
Аталган жолдо көчкү түшүү кооптуулугунан улам каттамга чектөө киргизилүүдө.
"20-февралда саат 18.00дөн эртең мененки 9.00гө чейин жол ачык болот. Кайра эртең мененки 9.00дөн 18.00гө чейин жол жабылат", — деп айтылат аталган өкүлчүлүктүн маалыматында.
Жол жабылган учурларда тиешелүү кызматтар көчкү кооптуулугун алдын алуу жана жолду тазалоо иштерин жүргүзөт.
18-19-20-февраль күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт каттамындагы кооптуу аймактарда көчкү жүрүү коркунучу бар кар атып түшүрүлүп, жалпы 1 миллион 201 миң 950 метр кубду түзгөн.
Анын ичинен жолду бөгөп калган көчкүнүн көлөмү 25 миң 230 метр куб болуп, күрткү дароо тазаланган.
Бирок аталган аймактарда дагы деле кооптуулук бар экени айтылды.
"Облус бийлиги зарыл болбосо жолго чыкпай турууну, айдоочуларга 500 метр аралыкты жана жол коопсуздук эрежелерин туура сактоону эскертет", — деп айтылат билдирүүдө.