БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев мурдагы мамлекет башчылардын жолугушуусу боюнча коомчулуктагы ар кандай талкууларга байланыштуу билдирүү жасады.
Анын айтымында, Садыр Жапаровдун негизги максаты — чыныгы улуттук консолидация, кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн биригүү.
"Өлкөнүн бардык жетекчилеринин кемчиликтери бар. Эл аларды жакшы билет. Ошону менен бирге жакшы жактарын да эстен чыгарбайлы. Эгер Алмазбек Атамбаев тууралуу айта турган болсок, биз ал башкарган убакытта позитивдүү учурлар дагы болгонун унутпашыбыз керек. Тилекке каршы, учурда коомчулук арасында жана социалдык түйүндөрдө мурдагы президенттердин, учурдагы бийликтин жана башкалардын тарапкерлеринин ортосунда талаш-тартыш уланууда. Буга байланыштуу бардык тараптарды өз күчү менен энергиясын өз ара мамиле териштирүүгө эмес, мекенибиздин бакубаттуулугу үчүн жаратмандыкка багыттоого чакыргым келет", — деди маалымат катчы.
Ошондой эле Султанбаев президент Жапаров Исхак Раззаковдун убагынан бери келе жаткан өлкөнүн бардык кийинки жетекчилери жаман нерселердин баарын өзүнөн мурункуларга жабыштырган адаттан арылгысы келерин белгиледи.
"Бул президенттердин жолугушуусунун негизги максаты болгон жана анын мындан башка жашыруун мааниси жок", — деди ал.
Белгилей кетсек, 18-февралда Садыр Жапаров мурдагы президенттерди бир дасторконго чогултканын, алар бири-бирин кечиришкенин маалымдаган. Жолугушуу БАЭнин Дубай шаарында өткөн. Бул окуя коомчулукта ача пикирлерди жаратып, түрдүү сындар да айтылган.
Кийинчерээк Алмазбек Атамбаев да пикирин билдирип, аны Жапаров менен Ташиев мурдагы таарынычтарды унутуп, сүйлөшүү үчүн жолугушууга чакырганынан барып калганын айткан. Экс-президенттердин чогуларынан кабардар болбогонун, мындан улам аягына чейин отурбай чыгып кеткенин белгиледи. Ал эми Аскар Акаев баарын чогултуу демилгесин кубануу менен кабыл алганын билдирди.