Радио

Бишкекке быйыл 15 миңдей бак-дарак отургузулат

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев Бишкек шаарына быйыл былтыркыга салыштырмалуу көбүрөөк бак-дарак тигиле турганын айтты.
Sputnik
"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы быйыл өзүнө тиешелүү болгон жерлерге 15 миңдей бак-дарак отургузууну көздөп жатат. Бул тууралуу Жаныбек Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, былтыр 12 миңдей бак тигилген.
"Бишкек шаарындагы 830 гектар жер биздин ишканага карайт. Андагы бак-дарактарды кароо милдети бизге жүктөлгөн. 2022-жылдын май айынан баштап шаар ичиндеги парктарды да жашылдандыруу иштери аталган ишканага өткөн. Жалпысынан алганда Бишкектеги 250 миң бак-дарак биздин баланста. Жыл сайын түзүп келген пландын негизинде быйыл 15 миңдей бак-дарак отургузууну көздөп жатабыз. Былтыр 12 миң бак-дарак тигилген эле. Бул жылы болсо санын көбөйтүүнү чечтик. Дарактардын түрүнө жараша алардын ар бирин өз учурунда отургузуп баштайбыз", — деди башкы агроном.
Ал ошондой эле шаарды көрктөндүрүү максатында ноябрь айында 160 миң түп жоогазын отургузулганын кошумчалады.