Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Батыш Украина боюнча "глобалдык Түштүктүн" оюн өзгөртө алган жок

Өнүгүп келе жаткан Азия, Африка жана Латын Америка мамлекеттерин көбүнчө инфляция, карыздар, электр энергияга жана тамак-ашка карата баалардын өсүшү тынчсыздандырып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Украина кризиси боюнча Батыш өкүлдөрүнүн Мюнхен конференциясындагы коопсуздук боюнча билдирүүсү алардын глобалдык Түштүк мамлекеттердеги кесиптештерине таасир эте алган жок. Бул тууралуу РИА Новости Financial Times гезитине таянып жазды.
"Глобалдык түштүк" деген термин өнүгүп келе жаткан Азия, Африка жана Латын Америка мамлекеттерин түшүндүрөт.
"Батыш лидерлери Мюнхенде дүйнөлүк элита чогулган жыйынды колдонуп Россиянын Украинага кириши дүйнө жүзүнө коркунуч жаратарын далилдөөгө аракет жасашты. Бирок алардын үнүн уккандар болгон жок", — деп жазды басылма.
Батыш аткаминерлеринин айтымында, глобалдык Түштүктүн лидерлери менен болгон жолугушууда инфляция, карыздар, электр энергияга жана тамак-ашка карата баалардын өсүшү аларды Украинага караганда көбүрөөк тынчсыздантып жатканы байкалган. Мындан тышкары, Түштүк мамлекеттеринин өкүлдөрү коронавируска каршы вакциналардын бөлүштүрүлүшү жана климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепетинен тарткан зыяндын ордун толтуруу маселелери боюнча Батышка нааразы экенин билдиришкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кремль Крымды Киевдин бутасы деген Нуланддын сөзүнө комментарий берди