БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Араб өлкөлөрүнүн биринде уюштурулган IDEX-2023 көргөзмөсүнө "Ростех" 150гө чукул жаңы куралдарды алып барды. Алардын ичинде таамай аткан куралдар, сооттолгон техника, учак жана тик учактар бар.
Ростех деңиз үстүндө узакка жүрө алганга ылайыкталган Ми-171А3 тик учагын тунгуч ирет коомчулукка алып чыгып, Абу-Дабидеги IDEX-2023 көргөзмөсүнө койду.
Бул иш-чара 24-февралга чейин уланат. Ал курал-жаракка, жаңы түрлөрүнө кызыккандар үчүн маңыздуу көргөзмө болуп калды.
РИА Новости "Рособоронэкспорт" компаниясынын башкы директору Александр Михеевге таянып, россиялык куралдарга болгон буюртмалар портфели 50 млрд. доллардан ашканын жазды.