БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев мурдагы мамлекет башчылардын жолугушуусу тууралуу пикирин билдирди.
Ал президент Садыр Жапаров мындай кадамга элдин кызыкчылыгы жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө үчүн барган деди.
"Кыргызстандын президенти жана анын командасы эки жылдан бери мамлекеттик жана коомдук жашоонун бардык тармактарында, өлкөнүн ички жана тышкы саясатында алгылыктуу ийгиликтерге жетишти. Кыргызстанда бүгүн экономикалык секирик жана андан ары динамикалык түрдө өсүүгө ылайыкталган кырдаал түзүлдү, бул элди бакубат жашоого жетелейт. Мындай шартта президент Садыр Жапаров өзүнө чейинки мамлекет башчыларын бир дасторконго чогултуп, мурда болуп көрбөгөндөй кадам жасады. Чынында бул тарыхый окуя болду, эгер залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сөзү менен айтсак "Кылым карытар бир!" — деп жазган Акаев.
Ошондой эле ал Жапаров мурдагылардын кегин жоюуга мүмкүнчүлүк түзүп, саясий акылмандыгын жана адамдык айкөлдүгүн көрсөттү деп эсептейт.
"Албетте, мамлекеттүүлүктү жана элдин ынтымагын чыңдоо — президенттин түздөн-түз, башкы конституциялык милдети. Ал мындай милдетти иш жүзүндө толугу менен аткарып жатканы кубандырат. Жеке мен бул демилгени колдодум жана кесиптештеримди Кыргызстандын жаркын келечеги жана кыргыз коомчулугунда туруктуулукту сактоо үчүн биримдикке чакырдым", — деди Акаев.
Белгилей кетсек, 18-февралда Садыр Жапаров мурдагы президенттерди бир дасторконго чогултканын, алар бири-бирин кечиришкенин маалымдаган. Жолугушуу БАЭнин Дубай шаарында өткөн. Кийинчерээк бул боюнча Алмазбек Атамбаев да пикирин билдирип, аны Жапаров менен Ташиев мурдагы таарынычтарды унутуп, сүйлөшүү үчүн жолугушууга чакырганынан барып калганын айткан.