Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ президенти Байден Киевге келди. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден Киевге келгенин Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн Telegram каналына жарыялаган.
"Жозеф Байден, Киевге кош келиңиз. Сиздин сапар бардык украиналыктарга колдоо көрсөтүүдө өтө маанилүү болду", — деп жазган ал.
"Страна.ua" басылмасынын маалыматына караганда, эки президент Михайлов соборунда жолуккан.
ЖМК Байдендин Михайлов аянтындагы биринчи кадрларын көрсөттү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский менен Байден Ак үйдө эмнени сүйлөшкөнү маалым болду