21-февралга карата аба ырайы

21-февралга караган түнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. 21-февраль күнү, шейшембиде, күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Талас өрөөнүндө +7...+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +10...+15 градус жылуу болсо, Ысык-Көл облусунда +5...+10 градус, ал эми Нарында -1...+4 градуска чейин жылыйт.
Күндүн табы борбор калаада +11...+13, Ош шаарында +12...+14 градуска чейин көтөрүлөт.
Радио
Бишкекке быйыл 15 миңдей бак-дарак отургузулат