Атам шылдырагымды көргөн жок. Элдик театрдын ээси Текебай Мураталиевди эскерүү

Текебай Мураталиев да Коргол акындай талантын элетке арнап, театрда иштеген. Көпчүлүк сүйүп уккан "Сүйүүнүн күчү керемет" өңдүү мыкты ырлардын автору. Токтогул элдик театрын негиздеп Асанкалый Керимбаев, Шахра Талипова, Темирлан Сманбеков өңдүү өнөрпоздорго устат болгон
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Туяк" программасында конокто обончу Текебай Мураталиевдин уулу, Токтогул элдик театрынын артисти, маданияттын мыкты кызматкери Кадырбек Мураталиев болду. Биз таланттуу инсан, Токтогул элдик театрынын негиздөөчүсү Текебай Мураталиев тууралуу сүйлөштүк.
— Атаңыз Текебай Мураталиев абдан таланттуу обончу, актёр болгон экен...
— Атам Кетмен-Төбө районунун Торкен айылында 1921-жылы 5-майда төрөлгөн. Текебай атабыздан үч уул, эки кыз бар. Бир туугандарымдын бардыгы таланттуу. Атам 13 жашынан эл аралап ырдап баштаган. 1934-жылдан тарта 60ка чыккыча Токтогул районундагы өздүк көркөм чыгармачылык тобунда эмгектенген. Бир катар ролдорду жаратты, мыкты драматург, обончу болгон.
Токтогул элдик театрынын негиздөөчүсү Текебай Мураталиев
— "Сүйүүнүн күчү керемет" аттуу ырынын жаралуу тарыхын уксак...
— Союз убагында "Сүйүүнүн күчү керемет" өңдүү махабат ырларын ырдатчу эмес экен. Муну обончу Асанкалый Керимбаев нотага түшүрүп калган. 1981-жылы атам каза болгондон кийин Асанкалый Керимбаев менен Шахра Талипова ырдап чыгат. Ыр чыгары менен Кыргызстанда дүң болду. Атам Жоомарт Бөкөнбаевдин "Кош, Ала-Тоо, уулуң кетти майданга" аттуу ырына обон чыгарып согуштан калыптыр. Аскер комиссариаты "тылда элге дем-күч берген адамдар керек" деп үгүт иштерин жүргүзүүгө калтырып коюптур. Атамдын милдети таланттууларды чогултуп, Токтогул боюнча колхоз-совхоздорго концерт берүү болот. Токтогул элдик театрында режиссёр катары Асанкалый Керимбаев, Шахра Талипова, Темирлан Сманбеков өңдүү артисттерди өстүрдү. Мыкты спектаклдерди коюп республикада алдыңкы орундарды алышкан. Ал кезде Нарын, Алай, Токтогул театрлары абдан күчтүү болуп, дайыма биринчи орунду талашып калышчу. Атамдын айтуусу боюнча, Туздуу-Суу жайлоосуна концерт коюп барып, бир келинди жактырып калыптыр. "Сүйүүнүн күчү керемет" деп ырды кийин ошол келинге арнаган.
— Текебай Мураталиев Токтогул менен Корголдун ырдаганын көргөн экен. Ошол аталарга шакирт болуп, аларга таасирленсе керек?
— Атам өзү 13 жашынан комуз кармап, укмуш обондорду чыгарып, элдик ырларды аткарган. Бирок нота билбейт. Көрөңгөсүндө жаткан кудай берген таланты менен эле бир катар ырларды жаратып ырдачу экен. Бала кезинде Токтогул, Коргол аталарыбызды көрүп, комузда ойногонуна таасирленип, аларды ээрчип жүрүп өзү үйрөнгөн. Эч ким "бул жерин минтип, ал жерин антип черт" деп көргөзгөн эмес. Залкар акындар айылга келип, эл чогулуп, азыркыча айтканда, концерт койгон учурунда атам эң алдына барып отуруп алчу экен. Өзү да ушулардай комузчу болсом деп тилеген окшойт.
Элмирбек Иманалиев баштаган көп талант Токтогул Сатылгановдун "Карылык", "Балам жок" деген ырларын атамдын шакирттеринен үйрөнүп кеткен эле. Атам бул ырларды Токтогулдун өз оозунан угуп элге жайылткан инсан.
— Бир туугандарыңыз да чыгармачылыкка жакын турбайбы?
— Менден башкасынын баары комуз чертет. Эжем аккордеончу, борбордогу мурунку кыз-келиндер институтун бүткөн. Азыр 70 жашка чыкса да аккордеонун таштабай ырдап жүрөт. Ал киши 5-курсту аяктап жатканда Гүлшайыр Садыбакасовалар окууга жаңы тапшырып келишет. Эжем аккордеон чертип ырдаганда 1-курстагылардын баары суктанып, "биз качан ушундай болобуз" деп карашканын Гүлшайыр эже жолукканда айтып калат. Эжем экөөбүздүн мамилебиз абдан жакшы. Мени тамашалап "чоңко, шылдыракчы" деп коёт. Жездем да театрда аккордеон менен ырдачу. Институтту бүтүп Токтогулга театрга жаңы солист болуп кирген эжемди жездем дароо эле жакшы көрүп сөз айтат. Алгач эжем чанып жүрүп, кийин макулдугун берип турмушка чыгыптыр. Раматылык жездем атамдан качып уялганын айтып күлдүрүп калар эле. Андан кийинки агам Бердибек Текебаев да жакшы ырдачу, каза болуп калды. Кийинки байкем да театрда иштечү, оорудан улам өтүп кетти.
— Убагында атаңыз сизге комуз үйрөтүүгө аябай далалат кылган экен...
— Менин атымды атам "кой, ушу кадырлуу болсун. Мени тартып музыкант болуп калса экен" деп кудайдан тилеп Кадырбек койгон. Анан комузчу болбой эле шылдыракчы болуп калбадымбы (күлүп). Атам алгач комуз үйрөн деп комузга аракет кылды. Бирок такыр үйрөнө албадым. Кармасам деле келишпей койду. Топчулуу баянды да өздөштүрө албадым. Өзүм ошол идиш-аяк чапкылаганга шыктуу болуп калсам керек. "Ялла" ансамблинин барабанчысын көрүп оозум ачылып "кантип эле ушундай боло албайм" дечүмүн. Акыры үйрөндүм. Ошол учурда бизде "Миң кыял" эстрадалык ансамбли уюшулуп, ошол жердеги Жакыпбек Исаков деген жетекчибиз "могу барабанды үйрөнөсүң, минтип чабасың" деп бир бөлмөгө сыртымдан кулпулап кетип калчу. "Ялла" ансамблинин музыкасын угуп, кайра аны таң атканча барабанда ургулап жатып үйрөнчүмүн.
Бактысын да, азабын да театрдан тапкан Бакен Кыдыкеева. Видео эскерүү
— Шылдыракты алгач көргөндө эле кызыккан экенсиз. Ошол окуяны айтсаңыз. Кимден көрдүңүз, кандайча кызыгып калдыңыз?
— Расул деген аксылык жигит бар болчу. Булар Ош драма театрынан Токтогулга концерт коюп келип калат. Расул мендей кыймылдабайт, жөн эле түптүз туруп алып чапкылай берет. Аны көрүп үйгө келип алып Чубак Сатаев менен Шахра Талипованын ырларын ар кандай импровизацияга салып ургулап көрдүм. Анан Чубак Сатаевге ойноп берсем ал дароо эле "жүрү биз менен" деди. Ал убакта келинчегим жаңы төрөгөн, үйдү таштап кете албайт элем. Менин ордума Чубак менен Таласка шылдыракчы Каныбек Шамбетов кетип калды.
Алгач шылдырак ойногонумду элден мурун келинчегим жактырган жок. "Ушинтип ойдолобой эле ойнобойсуңбу" деп урушуп жатып араң көнүп, эми кабыл алды. Мен түз туруп ойной албайм. Тетиги эң артта отурган кишинин да оюн бери буруп, адамдардын жүрөгүнө жеткире аткармайынча ыраазы болбойм. Өзүм да берилип кетем. Бул менин жан дүйнөмдү кытыгылаган бир талант болсо керек.
— Атаңыз шылдыракта ойногонуңузду көрүп калдыбы?
— Көрбөй калды. Мен 1981-жылы майда армиядан келдим, атам июнь айында өтүп кетти. Бирок барабанда ойногонумду көрдү. Анда да "бул балам да болбой калды, ушундан көрө комуз үйрөнүп алса болбойт беле" деген.
— Атаңыз түптөп кеткен Токтогул элдик театрында иштейт экенсиз. Театрды түптөөгө кандайча катышып калыптыр?
— Ал киши Шахра Талипова, Эркин Батырканов (Гүлзат Батырканованын атасы — К. Мураталиев) Асанкалый Керимбаев, Ырыскан Ормонова, Темирлан Ысманбеков өңдүү таланттарды айылдардан чогулткан. Чү дегенде эле Токтогул Сатылгановдун өмүр таржымалын чагылдырган "Миң кыял" спектаклин коюп 1-орунду алышыптыр.
Азыр биздин театрдын режиссёру Бузурманкул Корошев ошол кезде тракторист болуп иштеп жүрүп, кароого ырдап келип калат. Аны көрөр менен атам "эй, мобу баладан бир нерсе чыгат. Мурдунда турбайбы" деп дароо жактырып алып калат. Кийин ал кишиден мыкты режиссёр чыкты. Атамдын көрөгөчтүгү бар эле. Ошол спектаклде атам өзү Бактиярдын, бир тууган агам Токтогулдун ролун аткарып, Асанкалый Керимбаевге Керимбай болушту ойнотуп жатпайбы. Атам булардан тышкары Самат Аскаров, Рыскүл Тиленбаева өңдүү таланттарды таптады. Алар ушул убакка чейин иштеп жатышат. Театрда 15 киши эмгектенебиз. Мына быйыл Бекназардын 145 жылдык юбилейин өткөрдүк. Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата "Жыгылган оогонго күлөт" спектаклин даярдап, каражаттын жоктугуна байланыштуу чыга албай отурабыз.
— Атаңыздын мүнөзү кандай эле?
— Абдан жоош, сыпаа, куудул чалыш, чымчып сүйлөгөн киши эле. Тамаша аралаштырып акырын эле бетке айтып койчу экен. Акелеримди тентектик кылса кичине токмоктоп койгону менен мага бир да жолу катуу айткан жок. Кичүүсү деп эркелетчү окшойт. Азыр биз неберелерди коргоп жатпайбызбы. Атам мени 8-классымдан эле театрда спектаклдерге катыштыра баштады. "Ак кеме" спектаклинде Баланын ролун аткардым. Андан кийин да көп спектаклдерде ойнодум.
— Апаңыз менен кандайча баш кошуп калышыптыр?
— Апам экөө эски Токтогулдун Октябрь айылында таанышып калышыптыр. Апам кароого келип калган экен. Ал кезде 9-класстын окуучусу окшойт. Атам ошол жерден жактырып калыптыр. Кийин апам Токтогул атындагы элдик театрда иштеп жүргөндө атам сүйүп калып, баш кошушкан. Апам 4-5 жаш кичүү болсо керек. Эми үнү бир укмуш болчу, апабызды эч кимибиз өлүп калат деп ойлогон эмеспиз. 60 жаштан өткөндө да комузду тимеле шартылдатып чертчү.
— Текебай Мураталиевди Фрунзедеги филармонияга чакырса келбей койгон экен...
— Атамдын филармонияга келбей калган себеби өзү иштеген театрын сүйүп, эмгегин арнагысы келгендигинде жатат. Кыйган эмес. Токтогул элдик театрын ачылышынан баштап, бутуна турушуна чейин атамдын эмгеги зор. Өз баласындай эле болуп калган. Айылдарды кыдырып концерт, оюндарды коюшуп, ар кандай драмаларды алып чыгышкан. "Ушул жерде эле калам" деп баш тартып койгон. 7 класстык билим алгандан кийин эле театрда иштептир. Өзү 60 жашка чыгып каза болду. Ушул жашка келгиче өкмөт бир да грамота, диплом бербептир. Баарыбыз ызаланып калдык.
Тыныбек манасчынын эл билбеген өнөрү, касиети. Небереси Табылды Актанов менен маек