Алдыдагы аптада Таласта аба ырайы кандай болот

Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумага карата Талас облусундагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
19-февралда айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. 20-23-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
24-февралда тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
25-февралда көпчүлүк аймактарда кар түшөт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылды.
Ош облусу боюнча бир жумага карата аба ырайы