Ош — Алматы авиакаттамын ачуу планы талкууланды

Эки өлкөнүн дипломаттары Ош шаарында жолугушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ош жана Алматынын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү жана түз авиакаттамдарды ачуу планы талкууланды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө өкүлчүлүктүн башчысы Мээримбек Апышов менен Казакстандын Ош шаарындагы консулу Мухтар Карибай жолугушкан.
Тараптар Ош менен Түркестан облустарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча Жол картасын түзүү ниетин билдиришкен.
Ошондой эле конкреттүү бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ишкерлер ортосунда түз байланыштарды түзүү, Кыргызстандын түштүгүндө бизнес-форум өткөрүү талкууланган.
Кийинки айдан тарта Сиань — Бишкек — Сиань авиакаттамы ишке кирет