Радио

Мартта кыргыз күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун орун басары Айдарбек Айтматов кыргыз күрөшү боюнча дүйнө чемпионатын Өзбекстанда өткөрүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты.
Sputnik
Буга чейин 2019-жылы кыргыз күрөшү боюнча Бишкекте алгачкы ирет Азия чемпионаты өтүп, 16 мамлекеттен спортчулар келген. Бул тууралуу Айдарбек Айтматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз күрөшү федерациясына өкмөттөн 2,5 миллион сом бөлүнүп, ал каражат мелдештерди өткөрүүгө, спортту жайылтууга, спортчуларды колдоого жумшалат.
"Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция 2012-жылы түзүлүп, улуттук спортту жайылтуу жаатында иш алып барып келет. Тилекке каршы, спортко бөлүнгөн каражаттын аздыгынан ири мелдештер өтпөй, колдоо таппай жаткан. Быйыл Кыргыз күрөшү федерациясына өкмөттөн 2,5 миллион сом бөлүнүп, ал акча мелдештерди өткөрүүгө, спортту жайылтууга, спортчуларды колдоого жумшалат. Ушул жылдын март айында кыргыз күрөшү боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү пландалууда. Азыркы учурда ири мелдешти Өзбекстанда же Кыргызстанда уюштуруу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Буга чейин 2019-жылы кыргыз күрөшү боюнча Бишкекте алгачкы ирет Азия чемпионаты өтүп, 16 мамлекеттен спортчулар келген", — деди Айтматов.
Ошондой эле адис Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына улуттук спорттун түрлөрү боюнча факультет ачып, адистерди даярдоо тууралуу сүйлөшүү жүрөрүн кошумчалады.