Айтматов кадырын салып ачык кадрларды калтырткан. "Биринчи мугалимдеги" ирмемдер

Мындан 58 жыл мурун Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде тартылган "Биринчи мугалим" тасмасы кинотеатрларда коюлган. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган кинокартинадагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
Бир топ көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон "Биринчи мугалимди" советтик режиссер Андрей Кончаловский тарткан. Ал жаш режиссердун алгачкы толук метраждуу тасмасы жана дипломдук иши болуп, операторлук милдетти Георгий Рерберг аткарган. Мамлекеттик кино, СССР Компартиясынын Борбордук комитети узакка талашып-тартышып фильмдеги айрым ачык кадрларды чыгартпоого аракет кылган, бирок Чыңгыз Айтматовдун кадыры менен толук көрсөтүлгөн.
Кинокартинада башкы каарман Дүйшөндүн ролун Болот Бейшеналиев, окуучу Алтынайды Наталья Аринбасарова ойногон. Андан сырткары, бул фильмге Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Калича Рысмендеева, Идрис Ногойбаев, Кирей Жаркынбаев, Асанбек Кыдырназаров, Искендер Рыскулов, Медел Маниязов, Амангелди Айталиев, Жумаш Сыдыкбекова, Роза Таабалдиева, Клара Юсупжанова, Лидия Малышева, Назирет Дубашев да тартылган.
Аталган эмгек кийин Киевдеги Бүткүл союздук кинофестивалда "Советтик экран" журналынын атайын байгесин, Римдеги кинофестивалда "Капитолий Юпитери" сыйлыгын алып, Франциянын Йере шаарында өткөн жаш кинематографисттердин эл аралык фестивалында калыстар тобунун атайын байгесине татыган.
1 / 15

Белгилүү актриса Наталья Аринбасарова башкы каарман Алтынайдын образын жараткан

2 / 15

Кызыл армиячы Дүйшөндүн ролунда Болот Бейшеналиев. Ал алыскы айылдардын бирине мугалим болуп барган.

3 / 15

Дүйшөн агай элеттиктерге билим алуунун маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө аракет кылууда. Тасмадагы кызыктуу ирмем.

4 / 15

Жаш киночулар. Сүрөттө кинооператор Георгий Рерберг менен режиссер Андрей Кончаловский.

5 / 15

Кароосуз калган сарайды мектеп кылган Дүйшөн. Алтынай экөө чоң сууга таштарды тизүүдө.

6 / 15

Жаштарды билимге, илимге жетелеген Дүйшөн агай

7 / 15

Кичинекей окуучулардын биринин ролун аткарган Назирет Дубашев

8 / 15

Жаштардын сабатын жоем деген Дүйшөнгө каршы чыккан жергиликтүү тургун

9 / 15

Кинофильм залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" повестинин негизинде тартылган

10 / 15

Тасма көрүүчүлөргө сунушталгандан кийин бир топ чет элдик сыйлыктарга татыган

11 / 15

СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен СССРдин эмгек сиңирген артисти Наталья Аринбасарова. Нарын облусу, 1965-жыл.

12 / 15

Тасманын басымдуу бөлүгү Чүй, Талас, Нарын облустарында алты айда тартылып бүткөн

13 / 15

Кинокартинага кыргызстандык атактуу актер, актрисалар катышкан

14 / 15

Алтынайдын ролун аткара турган актрисаны киночулар Кыргызстандан жана Казакстандан издешкен

15 / 15

Билим алууну эңсеген Алтынайды Дүйшөн агай станцияда узатууда. 1965-жыл

Тема боюнча:
Күчтүү сүрөткер, залкар режиссёр. Геннадий Базаровдун сүрөттө калган элеси
Өмүрүн сахнага арнаган 82 жаштагы дирижер. Сардарбек Жумалиевдин сүрөттөрү