Санкт-Петербург жана Казанда Кыргызстандын башкы консулдуктары ачылат

Россия өкмөтү Кыргызстандын аталган эки шаарга өкүлчүлүктөрдү ачуу боюнча сунушун кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Россиянын Санкт-Петербург жана Казань шаарларында Кыргызстандын башкы консулдуктары ачылат. Бул тууралуу "Коммерсантъ" басылмасы жазды.
Анда Россия өкмөтү Кыргызстандын аталган эки шаарга өкүлчүлүктөрдү ачуу боюнча сунушун кабыл алгандыгы белгиленген. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Михаил Мишустин кол койгону айтылды.
Маалыматта Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарында ачылган Башкы консулдугу Карелия Республикасы, Коми Республикасы, Архангельск, Вологодск, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород, Псков облустарын жана Петербург шаарын камтый тургандыгы жазылган.
Ал эми Казанда ачыла турган консулдук Башкыртстан, Марий Эл Республикасы, Татарстан, Удмуртия, Чувашия республикаларындагы жана Ульяновск облусундагы кыргызстандыктарды тейлейт.
Президент Новосибирскидеги консулду алмаштырды