Атамбаев: биримдикке келүү жана Бакиевдерди кайтаруу — эки башка нерсе

Кечээ президент Садыр Жапаров мурдагы президенттердин баарын чогултканын, алар өлкөнүн биримдиги тууралуу сүйлөшүшкөнүн маалымдаган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Биримдикке келүү, ынтымакты орнотуу жана Бакиевдерди өлкөгө кайтаруу — бул экөө эки башка нерсе. Мындай пикирин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Атамбаев бул жолугушуу боюнча жарандардан көптөгөн суроолор келип жатканын белгилеп, төмөнкүлөргө токтолгон:
"Ооба, экс-президенттердин жолугушуусу болду, мен ага катыштым. Ага чейин жолугушууда мурдагы президенттер болот деп айтышкан эмес. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев мурдагы таарынычтарды унутуп, сүйлөшүү үчүн жолугушууга чакырып жатышат деп айтышкан. Жакшылыкты унутпайм, ошон үчүн алардын чакыруусунан баш тартпай, Испания элчиси менен боло турган жолугушууну жылдырып бардым. Мени Испания өкмөтүнүн төрагасы Педро Санчес дарыланууга чакырганын билесиздер. Мен дагы өлкөнүн тынчтыгын жана биримдигин колдойм. Жолугушууда да муну айттым, президент Жапаровдун жакшы ниетин баалай турганымды билдирдим. Бирок анын аягында эч ким менен коштошпой чыгып кетишимди шарттаган кырдаал жаралды", — деген Атамбаев билдирүүсүндө.
Ошондой эле ал биримдик менен Бакиевдерди өлкөгө кайтарууну айкалыштыруу башкача жыйынтык берип калышы мүмкүн деген оюн кошумчалаган. Анын пикиринде, күнөөлүүлөр жазаланышы керек.
"Көп кан төгүлгөн, ал унутулбашы керек. Адегенде каза болгондордун жакындары кечирүүсү зарыл. Президент Садыр Жапаров менин оюмду укту. Туура чечим чыгарат деп үмүттөнөм", — деди мурдагы президент.
Айта кетсек, кечээ, 18-февралда, Садыр Жапаров мурдагы президенттерди чогултканын, алар бири-бирин кечиришкенин маалымдаган.
Атамбаев: абактан чыгышыма Жапаров, Ташиевдин туура мамилеси таасир этти