Быйыл фермерлерге 4,5 млрд. сомдук техника лизингге берилет

Долбоордун былтыркы суммасы 3 миллиард сом болгону белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Быйыл айыл чарба товарын өндүрүүчүлөргө лизинг аркылуу 1 500 техника берүү пландалууда. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган долбоордун суммасы 4,5 миллиард сом, ал мамлекет тарабынан ишке ашырылат.
Ал эми былтыр 633 трактор, 64 дан комбайны, 5 кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар, 211 айыл чарба машиналары, 560 атайын техника, 5 унаа берилген. Анын баары региондорго бөлүштүрүлдү.
2022-жылдагы долбоордун суммасы үч миллиард сомго белгиленген.
Былтыр энергетика тармагына 10,5 млрд. сом кредит алынган