Аялдар эмне үчүн селфиге түшөт? Окумуштуулардын жообу

Изилдөөгө 150 аял катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Улуу Британиянын Суонси университетинин окумуштуулары аялдар эмне үчүн күн сайын селфиге түшүп, социалдык тармактарга жарыялай берерин аныкташкан. Бул тууралуу Доктор Питер басылмасы иликтөөнүн жыйынтыгы чыккан Personality and Individual Differences журналына таянып жазды.
Окумуштуулар 150 аялдын мимикасын, соцтармактарга жүктөлгөн сүрөттөрдүн санын, жашоо образын тыкыр изилдешкен.
Жыйынтыгында аялдар орточо эсеп менен айына беш же он селфи менен бөлүшөрү аныкталган. Ал эми кээ бири кыркка жакын сүрөт чыгарары айтылган.
“Аял соцтармакка канчалык көп селфи тартып жүктөсө анын коомго болгон агрессиясы ошончолук көп. Ошондой эле башкаларга өзүн көрсөтүүгө болгон умтулуусу күчтүү. Анткени селфи — заманбап дүйнөдө өзүн-өзү көрсөтүүнүн бир түрү болуп калды”, — деп жазылат маалыматта.
Окумуштуулар аял жашоодо канчалык күчтүү экенин көрсөтүүгө умтулса, ал сүрөттөрдү ошончолук активдүү жарыялай турганын белгилешкен.
Ал эми эркектердин селфиге болгон сүйүүсү менен коомго агрессия көрсөткүсү келери байкалган эмес.
Кыргызстандыктардын 4 пайызы гана эң жогорку айлык алышат