БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Япония менен Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлери эки тараптуу кызматташтыкты күчөтүп, Түндүк Кореянын өзөктүк куралын жок кылуу боюнча АКШ менен өз ара аракетти бекемдөө ниетин ырасташты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Тараптар Мюнхен коопсуздук конференциясынын алкагында жолугушкан. Министрлер кечээ күнү Хоккайдо префектурасындагы Ошима аралынан 200 чакырымдай алыстыкта Япониянын өзгөчө экономикалык аймагына түшкөн континенттер аралык баллистикалык ракета түшкөнүн айтып, Пхеньянды сынга алышты.
Түндүк Корея ишембиде Хвасон-15 континенттер аралык баллистикалык ракетасын учурган. Борбордук телеграф агенттиги билдиргенине караганда, ал Пхеньян эл аралык аэропортунан чыккан. Ракета 5 768 чакырым бийиктикке жетип, 989 километрди 4 015 секундда өткөн.
Япониянын коргоо министри Ясуказу Хамада аскерлер Түндүк Корея атылган ракета кадимки траектория боюнча учурулганда 14 миң чакырым аралыкты басып, АКШнын материгине жете аларын билдирди.