БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Түркиянын жертитирөө катталган Газиантеп шаарында куткаруучулар кыйрап калган үйлөрдүн астынан 2 миллион доллар таап, полицияга өткөрүп берди. Бул тууралуу Anadolu агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Ayşe-Mehmet Polat турак жайкомплексиндеги уранды алдынан эркек кишини алып чыгып жатканда акчаны көрүшкөн.
“Ал кишинин жанында жалпы суммасы 2 миллион долларды түзгөн акча жаткан, аны спецназга өткөрүп беришкен. Биздин жигиттер биринчи кезекте адам өмүрүн сактайт, табылган баалуу буюмдарды полицияга беришет. Мындай биринчи жолу болуп жаткан жок”, — деп айткан Газиантептин өрт өчүрүү кызматынын башчысы Жафер Йылмаз.
Буга чейин Түркияда иштеп жаткан Россия ӨКМинин куткаруучулары дауранды алдынан 150 миң доллар таап, полицияга өткөрүп беришкен.
Эскерте кетсек, 6-февралда таңда Кахраманмараш провинциясында магнитудасы 7,4, тогуз сааттан кийин дагы 7,7 баллга жеткен жертитирөө катталган. Эпкини коңшу мамлекеттерге да тийип, Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларында да жер силкинген. Акыркы маалымат боюнча, Түркияда зилзаладан каза болгондордун саны 39 миңден ашты.