3 күндөн бери жатабыз! Эркеч-Тамдагы Тоң-Мурун ашуусунда 100дөй айдоочу калып кетти

Трассанын 222-230-чакырымдарында кар күрткүсү пайда болуп жолду жаап калган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолунун Тоң-Мурун ашуусунда 100дөй жүк ташуучу унаанын айдоочусу калып кетти. Алар үч күндөн бери жатканын, жол тазалаганы эч ким барбаганын айтып Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылышты.
Айдоочулардын айтымында, аталган трассанын 222-230-чакырымдарында кар күрткүсү пайда болуп жолду жаап калган.

“Кар көкүрөктөн. Бүгүн үчүнчү күн болуп жатат же техникадан, же башкадан кабар жок. Жей турган азыктарыбыз дагы түгөнгөндүктөн жөө Эркеч-Там тарапка түшүп келе жатабыз. ӨКМ кайда жүрөт, адамдар өлүп калса эмне болот? Биздин эки-үч чакырым ары жагыбызда дагы беш-алты адам калган. Алардан башка да адамдар болушу мүмкүн. Алар эмне болот эми суукта? Жолду эртерээк ачып кабар алыш керек”, — дешти айдоочулар.

Буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 17-февралда Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолунун 201-220-чакырымдарында кар көчкү түшүп, тазаланганын билдирген.
Бишкек — Ош жолунда ири көлөмдө көчкү түшкөн. Посттордо 500дөн ашуун унаа турат