Кыргызстандык куткаруучулар уранды алдында 13 күн жаткан үч адамды куткарды

Куткарылган адамдарды андан ары ооруканага алып кетишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Хатай провинциясында уранды алдында калган үч адамды тирүү алып чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик TRT haber телеканалы билдирди.
Маалыматка ылайык, куткарылгандардын бири аял, экинчиси эркек, үчүнчүсү жаш бала. Алар жер титирөөдөн кийин кыйраган уранды алдында 13 күн же 296 саат жаткан.
Кыргызстандык куткаруучулар тобу адамдарды чыгаргандан кийин ооруканага алып кетишкен.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 170тей кызматкери Түркияга издөө-куткаруу иштерине көмөк көрсөтүү үчүн жиберилген. Алгач Кахраманмараш шаарында иштеп, 16-февраль күнү 87 куткаруучу Хатайга барышкан.
Түркияда кыйраган үйдүн алдынан куткаруучулар 2 млн. доллар тапты