Кургак учук өпкөдөн башка дагы кайсы органдарды жабыркатат. Адистер тизмектеди

Дарыгерлер ооруну алдын алуу үчүн көп кыймылдап, сергек жашоо образына өтүү зарылдыгын белгилеген. Мындан тышкары, жылына бир ирет өпкөнү текшертип туруу керектигин айтышат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кургак учук адамдын өпкөсүн гана эмес, сөөк, бөйрөк, мээ, көз, тери жана башка органдарына таасир берип, алардын иштөөсүн бузат. Бул жөнүндө Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борборунан эскертишти.
"Кургак учук бейтаптан башка адамга сүйлөшүү учурунда аба аркылуу жөтөлүп, чүчкүргөндө жугат. Кыргызстанда бул илдет менен ооругандардын жарымы жумушка жарамдуу курактагылар", — дешти борбордон.
Оорунун белгилери:
жөтөл токтобой эки аптадан көпкө созулат, кээде какырык, кан чыгышы мүмкүн;
түнкүсүн тердетет;
дене табы көтөрүлөт;
көкүрөгү ооруп, алсырайт;
арыктайт.
"Башкысы — адамдын иммунитети. Анүчүн сергек жашоо образын түзүү зарыл, жаман адаттарды таштап, өз учурунда эс алып, уйкуну кандыра уктоо да маанилүү. Стресске түшпөй, спорт менен машыгып, көп кыймылдап, туура тамактануу керек", — дешти адистер.
Ошондой эле билдирүүдө адамдар ооруну алдын алуу үчүн жылына бир ирет өпкөсүн флюорография менен рентгенден текшерүү зарылдыгы кошумчаланган.
Кургак учук менен ооруган адамга жакындарынын колдоосу маанилүү