Кыргызстандыктардын 4 пайызы гана эң жогорку айлык алышат

Айлык акынын көлөмүн аныктоо үчүн Улуттук статком тарабынан жылына бир жолу менчигинин формасына карабай ири жана орто ишканалар иликтенет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстандыктардын 25 пайызы 13 миңден 22 миң сомго чейин айлык алышат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 2022-жылдын ноябрь айындагы маалыматка таянып билдирди.
Айлык акынын көлөмүн аныктоо үчүн Улуттук статком тарабынан жылына бир жолу менчигинин формасына карабай ири жана орто ишканалар иликтенет.
Маалыматка караганда, 20 миңге жакын адам же жалпы жумушчулардын 4 гана пайызы 66 миң сомдон ашык өлчөмдө эмгек акы алышкан. Бул — эң жогорку көрсөткүч.
Ал эми 19 миңден ашуун адам (4 пайыз) 6 600 сомго чейинки өлчөмдө киреше көрүшкөн. Бул эң аз айлык эсептелет.
Жумушчулардын эң чоң үлүшү, тагыраагы, 25 пайызы 13 миңден 22 миң сомго чейинки айлык менен эмгектенишкен.
Пресс-борбор
Ишкана жетекчиси: "Тазалыкчылардын" айлыгы 100 пайыз көтөрүлдү