БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Салык кызматы 2023-жылдын 1-мартынан тарта контролдук-кассалык машиналар фискалдык модуль менен иштеши керектигин эскертет.
Үстүбүздөгү жылдын 28-февралында фискалдык модуль менен иштөө функциясы жок ККМди колдонуу мөөнөтү аяктайт. Буга чейин ККМдин жаңы моделдерине өтүү мөөнөтү 1-мартка чейин узартылган болчу. Бул ишкерлерге көмөк көрсөтүү максатында жасалган.
“2023-жылдын 1-мартынан тартып бардык ККМ фискалдык модуль менен иштеши керек, ал эми белгиленген техникалык талаптарга жооп бербегендер (эски үлгүлөр) мажбурлоо тартибинде өчүрүлөт”, — деп жазылат маалыматта.
ККМ колдонуудан чыгарылса кассалык чек берүү аркылуу калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берилбейт, бул кийин административдик жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.
Салык кызматы соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана ККМди колдонууга милдеттүү болгон ишкерлерди көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин колдонуудагы ККМди модернизациялоого же жаңылоого чакырат. Бул үчүн операторлордун тейлөө борборлоруна жана техникалык тейлөө борборлоруна кайрылуу зарыл.
“Адатта, мөөнөттүн акыркы күндөрү бардык тейлөө борборлорунда жана ТТБда көптөгөн кезек күтүүлөр түзүлөт. Кезек күтүүгө убактыңызды коротпоңуз, операторуңузга же ТТБга азыр кайрылыңыз!”, — деп эскертет Салык кызматы.