Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектелген кишинин бөгөт чарасы тандалды

Шектүү эки айга камакка алынды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. – Sputnik. Бишкектин Свердлов райондук соту үч адамды өлтүрүүгө шектелип жаткан А.Ч.К. аттуу жарандын бөгөт чарасын тандады. Бул тууралуу соттон билдирди.
Тергөө сотунун 18-февралдагы токтому менен А.Ч.К. 16-апрелге чейин №1 тергөө абагына камакка алынды.
Эскерте кетсек, 16-февраль күнү кечинде 5-кичи райондогу батирлердин биринде 51 жаштагы аял жана анын 17 жаштагы кызы менен жашы жете элек уулу киши колдуу болгон. Милиция бул кылмышка шектүү катары А.Ч.К. аттуу эркек кишини колго түшүргөн. Анын таржымалын материалдан окуңуз.
Сокулукта 17 жаштагы бала адам өлтүрүүгө шектелип кармалды