БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Өлкөдө акыркы үч жыл ичинде балдарды эмдөөдөн баш тарткандар 90 пайызга өстү. Мындай нерсе балдар арасында инфекция ооруларынын күчөшүнө шарт түзөт. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактика борборунун директорунун орун басары Гүлнара Жумадилова билдирди.
"Акыркы убакта ата-энелердин бөбөктөрдү эмдөөдөн баш тарткан учурлары көбөйдү. Мисалы, 2022-жылы төрөтканаларда 6 миң ымыркай В гепатитине каршы вакцина албай калды. Ошондой эле 17 миңден ашык бала биринчи берилчү вакциналарды толугу менен алган жок. Бул көрүнүш бизди кооптондурууда", — деди Жумадилова.
Адистин айтымында, кээ бир ата-энелер диний көз карашынан улам эмдөөдөн баш тартууда. Ал эми кээ бирлери вакцинанын сапатсыздыгын айтууда.
"Республикага алып келинген вакцинанын бардыгы дыкат текшерүүдөн өтүп, сертификацияланат. Алардын сапатына жана коопсуздугуна кепилдик бар деп ишендире алабыз", — деди дарыгер.